Мэриянын жетекчилиги «Алтын-Ордо» жаңы конушуна кѳчмѳ жыйын ѳткѳрдү.

Конуш тургундары менен жолугушууда жаңы конуштун инфраструктурасын жакшыртуу, жолдорун оңдоо, коомдук транспорт менен камсыз кылуу, канализация киргизүү, тышкы жарыктандырууну орнотуу жана башка маселелер кѳтѳрүлдү. Кварталдык комитеттердин тѳрагалары жана жашоочулар кѳйгѳйлѳрдү айтып, суроолорун узатышты.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Жаныбек Абиров, тѳраганын  орун басары Русланбек Жакышов, Бишкек шаарынын вице-мэрлери Бакытбек Дюшембиев, Рыспек Сарпашов, Максим Ситников, Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов жана шаардык, райондук кызматтардын башчылары катышышты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.