Бишкек шаарынын мэриясы “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” шаардык сынактарын өткөрдү.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосун сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо жөнүндө” мыйзамын ишке ашыруу максатында ѳткѳрүлүп, “Манас” эпосун белгилөө күнүнө карата “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары жарыяланып, райондук сынактардан алдыңкы орундарга ээ болгон жаш манасчылар шаардык сынакка катышты.

Мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын арасында  “Жаш манасчы” жана мекеме-уюмдардын кызматкерлеринин_ арасында “Үйрөнчүк манасчы” сынактары өткөрүлүп, жыйынтыктары чыгарылды.

“Жаш манасчы” сынагында № 49 (баш байге - Адилетов Кутман), № 107 (1-орун-Латипжанова Асия), № 52 (2-орун-Искендеров Дастан), № 66 (3-орун Аралбеков Муслим) балдар бакчаларынын тарбиялануучулары жана № 38 (баш байге-Орозгелдиев Эрбол), № 83 (1-орун-Жумаева Ажар), № 93 (2-орун-Нурдин уулу Эрмек), № 82 (3-орун-Эркинбеков Улукмырза) жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары алдыңкы орундарга ээ болушту.

Ошондой эле №№ 78, 42, 56, 73, 20, 32, 53 жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары сынакка жигердүү катышып, өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү.

“Үйрөнчүк манасчы” сынагында № 71 мектеп-интернатынын мугалими Беккелди уулу Билимбек (баш байге),  № 182 балдар бакчасынын музыка мугалими Мамаева Динара (1-орун), Свердлов районунун Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери Көбөгөн уулу Жолдошбек (2-орун), “Тазалык” МИнин аймакты тазалоочусу Алгожоев Теңирберди (3-орун), № 2 муниципалдык аймактык башкармалыктын адиси Орозбек кызы Нуриза (4-орун) алдыңкы орундарга ээ болушту. Бардык катышуучуларга грамоталар жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Эльвира Ниязбекова “Жаш манасчы” жана “Үйрөнчүк манасчы” сынактары жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп, жыл сайын жаңы жаш манасычлар сынакка катышып жаткандыгын белгилеп, жаштарды тарбиялоодо “Манас” эпосу эбегейсиз зор мааниге ээ экендигин билдирди.