Свердлов райондун башчысы Самарбек Болотбеков  Р.Санатбаев атындагы Олимпиадалык  резервдин адистештирилген жаштар мектебинин эң мыкты спортчуларын жана алардын машыктыруучусу Нурбек Изабековду куттуктады.

Тыныбекова Айсулуу- спорттун эл аралык класстагы чебери, Гран-При Испания мамлекетинен  биринчиликти 2018 -жылы алып келген. (Индонезия, Джакарта) 2018-жылдын XVIII жайкы оюнунда 1 орунду ээлеген.  Медетбек кызы Айпери спорттун эл аралык класстагы чебери, (Индия) 2018-жылы кенжелердин арасында Азия чемпионатында 1-орунду ээледи жана (Индонезия, Джакарта) 2018-жылы XVIII жайкы оюнда 3-орунду ээлеген кыздарыбыз бизде сыйлуу конок болуп катышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы көйгөйлөр жана келечеги талкууланды. Райондун башчысы Кыргыз командасынын казынага баалуу салымы үчүн спортчуларга жана машыктыруучуга милдеттүү түрдө кийүүчү спорт кийимдеринин түрүн сатып алуу үчүн акчалай каражат  берип терең ыраазычылык билдирди.