Муниципиалитеттин жаңы түзүмү башкы аппараттан, 19 түзүмдүк бѳлүмдѳн, 4 административдик район боюнча муниципалдык администрациядан, 22 МАБ, 4 райондук социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгы, 4 райондук билим берүү борбору жана 17 чарба жүргүзүүчү субъкттен турат.
Муниципалитеттин структурасында жаңы бѳлүмдѳр жана муниципалдык ишканалар – Экономика жана инвестиция департаменти, Шаар куруу жана архитектура департаменти, Ички аудит башкармалыгы, «Бишкек жарнама», «Шаар парктары», «Бишкек шаардык унаа токтотуу жайлары» муниципалдык ишканалары түзүлѳт. Турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгы Шаардык чарба департаментине, ал эми Саламаттыкты сактоо тутумун камсыздандыруу башкармалыгы Саламаттыкты сактоо башкармалыгына ѳзгѳртүлдү.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!