Калаада мэр Азиз Суракматовдун тапшырмсы менен экологияга зыян келтирилген чарба субъектилери текшерилүүдѳ.

Рейд  «Дордой» жаңы конушунда жүргүзүлүп, шаар тургундары тарабынан тигүү материалдарын  жана дѳңгѳлѳктѳрдү ѳрттѳѳ фактысы аныкталды. Аныкталган фактылар боюнча СЭИ инпсекторлору тарабынан административдик укук бузуу жѳнүндѳ 12 протокол түзүлдү.
Коммиссиялык текшерүүгѳ Свердлов райондук акимиатынын, райондук ички иштер башкармалыгынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борборунун, мамлекеттик техникалык жана коопсуздук инспекциянын Бишкек шаары боюнча   башкармалыгынын,  Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясынын, Свердлов райондук МСКБнын жана чыгыш РЭСтин ѳкүлдѳрү катышышты.

Бул багыттагы  иштер улантыла берет.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаардык мэриясы  экологияга зыян келтирүүчү заттарды ѳрттѳгѳ тыюу салынарын жана санитардык нормаларды бузууда административдик жоопкерчилик каралганын эскертет!