2018-жылдын 11-декабрында Бишкек шаарынын окуучулары  Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган “Ч.Айтматовдун каармандары Бишкек шаарында” аттуу  жүрүш уюштурушту.

Иш-чаранын алкагында карылар үчүн үй интернатына жана Балдарды социалдык жактан адаптациялоочу баш калкалоо жайына барып Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарып беришти.

Балдар “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Кылым карытар бир күн”, “Саманчынын жолу” чыгармаларынан аткарып жана көркөм окуп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын эскеришти.