Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча театрлаштырылган иш-чаралар Балдарды социалдык адаптациялоо борборунда жана Улгайгандар үчүн үй интернатында өткөрүлдү.

Театрлаштырылган иш-чараларга Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган шаардык сынактардын жеңүүчүлөрү, Бишкек шаарынын №№17, 24, 68, 69, 78, 40, 86 мектептеринин жана № 1 интернат-гимназиясынын окуучулары катышы. Иш-чаранын аягында балдарга жана карыларгы таттуу белектер тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова бардыгын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси менен куттуктап, иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылык билдирип, наристе балдарга, чоң ата, чоң энелерге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.