Эки күн бою Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, райондук жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү райондун жашоочулары менен жолугушууда.

Эң биринчи жолугушуу "Дордой" жаңы конушунун №94 орто мектебинин залында болуп өттү. Жолугушууда №20 жана №21 МАБдын начальниктери мурунку өткөрүлгөн жолугушуулардын иш-пландарынын аткарылышы жана жарандардан келип түшкөн арыздардын аткарылуусу үчүн БШКнын депутаттары тарабынан бөлүнүп берилген акча каражаттардын өздөштүрүлүүсү жана 2019- жылга карата коюлган пландар тууралуу маалымат беришти.

Андан кийин жолугушуу суроо-жооп форматына өтүп, жарандардан жолдорду оңдоп-түзөө, көчө жарыктарын орнотуу, жаңы конуштарды газдаштыруу жана канализациялык түйүндөрдү өткөрүү боюнча маселелер көтөрүлдү.

Ушундай эле жолугушуу 2018-жылдын 12-декабрында саат 17.00дө №4 гимназиянын актовый залында №17,18,19 МАБнын жашоочулары менен өткөрүлөт.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!