Калаанын мектептеринде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар ѳткѳрүлүүдѳ.
№25 орто мектебинде «Айтматов-дүйнѳнүн адамы» салтанаттуу иш-чарасы ѳткѳрүлдү. Иш-чарага жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери, шаардык конкурстардын женүүчү окуучулары, ата-энелер коому жана мугалимдер катышышты.
Шаардык иш-чаралардын жеңүүчүлѳрү грамота, китептер жана белектер менен сыйланышты.
№20 окуу-тарбиялык комплексинде «Дүйнѳнү багынткан талант» иш-чарасы ѳткѳрүлдү. Иш-чарада жазуучунун чыгармаларынан үзүндүлѳр окулуп, театралдаштырылган кѳрсѳтүү сунушталды.
Иш-чаралардын негизги максаты Чыңгыз Айтматовдун келечек муундарына таанытуу, анын чыгармаларын жайылтуу, окуучуларды чыгармачылыкка тартуу болуп саналат.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!