Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесинин урматына шаардык муниципалитет үч айдан бери иш-чараларды уюштурууда.

№63 мектеп-гимназиясында Чыңгыз Айтматовдун биринчи мектептеги кабинет-музейи ачылды. Музейге жазуучунун жеке буюмдары, чыгармалары жана архивдик документтери коюлду.

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ карата Киев кѳчѳсүндѳгү Айтматовдун эстелигине жана «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги мавзолейине калаа башчысы Азиз Суракматов жана Бишкек шаардык кеңештин тѳрагасы Жаныбек Абиров, мэриянын түзүмдүк бѳлүмдѳрүнүн катышуусунда гүл чамбар коюлду.

Жалпы билим берүү уюмдарында жана түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн кызматкерлеринин арасында Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү окуу боюнча конкурстар ѳткѳрүлдү.

Бишкек-сүйүктүу шаарыбыз!