Бишкек шаарындагы №13 мектеп-гимназиясында вице –мэр Асель Куламбаеванын жетекчилиги алдында  райондук билим берүү борборунун директорлору, түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн башчыларынын жана  Бишкек ШИИББнын ЖКККБ,   ЖКККБ АМЭБнын ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда жыйын болуп ѳттү.

Жыйында окуучулар арасында жол кыймылынын эрежелери боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мектеп, бала –бакчада ѳрт коопсуздугун сактоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча маселелер кѳтѳрулдү.

Жыйындын жүрүшүндѳ жаны жылга карата  кѳңүл-ачуу жайларындагы  иш –чараларда балдардын коосуздугун сактоо боюнча иштерди жүргүзүү белгиленди.

Ошондой эле, билим берүү жайларындагы коопсуздукту сактоодо жергиликтүү уюмдар, укук коргоо уюмдары, коомдук уюмдар менен биргеликте   комплекстүү иш алып баруу ѳзѳктүү маселе экени айтылды.

Аталган жыйындын жыйынтыгында катышуучулар билим берүү мекемелериндеги коопсуздукту камсыздоо актуалдуу кѳйгѳй экендиги белгилешти.