Бишкек шаарынын мэриясы «Бишкек шаарынын кѳчѳ-жол тармагын ѳнүктүрүү» долбоорун экинчи фазасын ишке ашырууга даярдыктарды кѳрүүдѳ.

Жол оңдоо иштери 2019-2020-жылдары негизги кѳчѳлѳрдѳ жүргүзүлүп, совет мезгилинен бери оңдолбогон  кѳчѳлѳр оңдолуп, ирээтке келтирилет.

Кѳчѳлѳрдүн кѳпчүлүгүндѳ жолдорду кайрадан куруу, кеңейтүү, тротуарларды жана ирригациялык түйүндѳрдү орнотуу пландалууда. Азыркы учурда ар бир кѳчѳнү реконструкциялоо боюнча долбоорлор даярдалып, алардын жарымы экспертизадан ѳткѳрүлдү.
Бул долбоорлорду ишке ашырууда кѳптѳгѳн  кѳйгѳйлѳр пайда болот. Биринчи долбоорду ѳткѳрүүдѳгү тажрыйбаны эске алганда, Капиталдык курулуш башкармалыгы аларды баштапкы этапта жоюга аракет кылат. Бул ишке «Түндүкэлектр» ААК, 

Бишкекжылуулуктүйүнү» КИ, «Бишкексууканал» башкармалыгы, «Бишкекжашылчарба» МИ, ошондой эле, мэриянын түзүмдүк бѳлүмдѳрү кирген.

Бишкек-сүйүктүу шаарыбыз!