Шаардык муниципалитет Жаңы 2019-жылга карата бир нече майрамдык иш-чараларды уюштурат.

27-декабрда саат 11:00дѳ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Бишкек шаарынын мэринин балатысы ѳткѳрүлѳт. Майрамга 1 миңден ашык жетим, жарым жетим, аз камсыздалган үй-бүлѳлѳрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун, ЧАЭС үй-бүлѳлѳрүнүн балдары жана мектепте мыкты окугандар, ар кандай конкурстардын жеңүүчүлѳрү катышышат. Иш-чара балдарга белек таратуу жана концерттик программа менен коштолот.

29-декабрда саат 12:00дѳ Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында мэрдин кайрымдуулук балатысы уюштурулат. Иш-чарага 800 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, жетим жана жарым жетим балдар катышышат. Иш-чаранын аягында балдар белектерди алышат.

Ошондой эле, калаанын бардык тѳрт районунда тең  жаңы жылдык иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.

Биринчи май районунда:

23-декабрдан 29-декабрга чейин райондун бардык жалпы билим берүү мекемелеринде жаңы жылдык иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.
24-декабрда саат 11:00дѳ Ч.Айтматов атындагы орус драм театрында Биринчи май районунун жетим, жарым жетим, аз камсыздалган үй-бүлѳлѳрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун, ЧАЭС үй-бүлѳлѳрүнүн 627 баласы үчүн жаңы жылдык иш-чара уюштурулат. Ушул эле күнү саат 14:00дѳ Малдыбаев кѳчѳсү №22 дарегинде майрамдык иш-чара ѳткѳрүлѳт.

26-декабрда саат 11:00дѳ Горький атындагы паркында майрам ѳтѳт. 26-декабрда саат 11:00дѳ «Коломто» муниципалдык мекемесинде жаңы жылдык кайрымдуулук акциясы уюштурулат. Ушул эле күнү саат 13:00дѳ карылар үй-интернатында жаңы жылдык иш-чара, 27-декабрда саат 10:00дѳ Балдарды реаблитациялоо жана жаштар борборунун тарбиялануучуларына жаңы жылдык иш-чара уюштурулат.

Октябрь району:

24-декабрда саат 10:00дѳ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1000 жетим, жарым жетим, аз камсыздалган үй-бүлѳлѳрдүн, 2010-жылдын 7-апрелинде каза болгондордун, ЧАЭС үй-бүлѳлѳрүнүн балдары үчүн жаңы жылдык белектерди тапшыруу менен майрамдык иш-чара ѳткѳрүлѳт.

25-декабрда саат 11:00гѳ «Кѳк-Жар» жаңы конушунун №88 орто мектебинде, 26-декабрда саат 11:00дѳ «Кара-Жыгач» жаңы конушунун №91 мектеп-гимназиясында, 27-декабрда саат 10:00дѳ «Рухий -Мурас» конушунун №92 орто мектебинде, саат 13:00дѳ «Тунгуч» кич районунда жаңы жылдык иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.

Свердлов району:

20-декабрда саат 13:00дѳ М.Жангазиев атындагы Куурчак театрында  балдар үчүн майрам уюштурулат. 22-декабрда саат 11:00дѳ Ч.Айтматов атындагы орус драм театрында аз камсыздалган үй-бүлѳлѳрдүн балдары үчүн жаңы жылдык иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.

24-декабрдан 26-декабрга чейин саат 11:00дѳ угуусу начар балдар үчүн №21 адистештирилген мектеп-интернатында  жаңы жылдык иш-чара уюштурулат.

25-декабрда саат 13:00дѳ Адбрахманов-Токтогул кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жаңы жылдык хоровод, 17:00дѳ Мадыбаев атындагы Кыргыз академиалык театрында жаңы жылдык иш-чара ѳткѳрүлѳт.

26-декабрда саат 17:00дѳ муниципалдык администрациянын имаратынын алдында Аяз ата, Аяз кыз жана жомок каармандарынын катышуусунда жаңы жылдык хоровод уюштурулуп, таттуу белектер таратылат.

27-декабрда район боюнча бир нече иш-чаралар ѳткѳрүлѳт:

-саат 11:00дѳ шаардык реаблитация борборунда тарбиялануучулар үчүн Аяз ата, Аяз кыз жана жомок каармандарынын катышуусунда, таттуу белектерди таратуу менен  жаңы жылдык хоровод ѳткѳрүлѳт;

-15:00дѳ «Красный строитель» жаңы конушунда жаңы жылдык иш-чара ѳтѳт;

- 16:00дѳ №38 Окуу-тарбиялык комплексинин спорт аянтчасында жаңы жылдык хоровод уюштурулат;

-13:00дѳ «Эне-Сай» жаңы конушунда жаңы жылдык хоровод ѳткѳрүлѳт.

Ленин району:

20-декабрда саат 14:00дѳ темир жолчулар клубунда 200 бала үчүн жаңы жылдык оюн уюштурулат.

22-декабрда саат 10:00дѳ Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 1100 баланын катышуусунда жаңы жылдык иш-чара ѳткѳрүлѳт.

23-декабрдан 25-декабрга чейин «Жаз» СБда жаңы жылдык иш-чаралар ѳткѳрүлѳт.

28-декабрда саат 18:00дѳ №2 Бишкек шаардык окуу-ѳндүрүш ишканасында 50 балага жаңы жылдык иш-чара ѳткѳрүлѳт.

29-декабрда саат 12:00дѳ «Газпром» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде 150 балага концерттик программа менен жаңы жылдык кѳрсѳтүү уюштурулат. Ушул эле күнү саат 14:00дѳ Жал -23 кичи районунун №12, 14 үйлѳрүнүн  алдында 100 баланы камтыган жаңы жылдык концерт уюштурулат.

30-декабрда саат 18:00дѳ Жунусалиев кѳчѳсүндѳгү №40 үйүнүн короосунда 50 балага жаңы жылдык майрам уюштурулат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!