Жаңы жылдын алдында, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин эл аралык күнүнүн алкагында Бишкек шаарынын мэриясы шаардын адистештирилген мекемелеринин тарбиялануучуларын жана жамаатын келе жаткан жаңы жыл менен куттуктайт.

Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков жана орун басарлары Туратбек Айдаров жана Чынара Борбашева райондун адистештирилген мекемелерин кыдырышты. Самарбек Болотбеков мекемелердин тарбиялануучулары менен маектешип, керектүү белектерди тапшырды. Шаардык реаблитация борборуна терезе пардаларды, №21 атайын мектеп-интернатына телевизор, угуусу начар балдар үчүн мектеп-интернатына муздаткыч, №48 атайын мектепке чейинки жалпы билим берүү мекемесине проектор, №124 атайын мектепке чейинки жалпы билим берүү мекемесине түстүү принтер, №30 кѳмѳкчү мектепке муздаткыч жана принтер белек кылынды.
Аталган мекемелердин тарбиялануучулары коноктор үчүн жаңы жылдык концерт уюштурушту.

Урматтуу шаар тургундары! Адистештирилген мекемелердин эшиктери сиздер үчүн дайыма ачык. Мүмкүнчүлүгүңүздѳр болсо тарбиялануучуларды келе жаткан жаңы жыл майрамы менен куттуктасаңыздар болот.

Свердлов райондук администрациясынын башчысы Самарбек Болотбеков, тел: 0557 88 30 30.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.