Калаада үстүбүздѳгү жылы спорт тармагында чоң ийгиликтерди алып келген спортчуларды салтанаттуу сыйлоо аземи ѳткѳрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарада спортчуларды Бишкек шаардык кеңешинин тѳрагасы Жаныбек Абиров куттуктап, ак ниет, үзүрлүү эмгектери жана спорт тармагын ѳнүктүрүүдѳ кошкон зор салымы үчүн ѳзгѳчѳлѳнгѳн спортчулар Бишкек шаардык кеңешинин  ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.

Ошондой эле, салтанаттуу иш-чарага Аскар Салымбеков, Дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы Ырысбек Мааткабылов  катышты.

Дене тарбия жана спорт башкармалыгы  бир нече номинация боюнча спортчуларды ардак грамота, ыраазычылык баракчалары жана баалуу белектер менен сыйлашты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!