Жол кыймылынын жана жѳѳ жүргүнчүлѳрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн, ошондой эле, кѳптѳгѳн шаар тургундарынын суранычы жана Бишкек ШИИББ ЖКККБ кайрылуусу боюнча Бишкек шаарынын мэриясы Баялинов жана Орозбеков кѳчѳлѳрүнүн кесилишине жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыялаган. Бул кѳчѳ КЭР тарабынан берилген гранттык каражатка 3,5 км жол оңдолгон.

Тендерде Vokko компаниясы утуп чыгып, келишим түзүлдү. 20-декабрда объектини куруу иштерин башташат. Курулушту бүтүрүү жана жол чыракты ишке киргизүү 2018-жылдын декабрь айынын аягына чейин пландалууда. Жол чыракты орнотуу ишине шаардык казынадан 500 миң сом каражат коротулат.

Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!