Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы жана Бишкек троллейбус башкармалыгы коомдук транспорттун ичин жаңы жылдык жасалгалоо боюнча конкурс жарыялады.

Мыкты кооздолгон коомдук транспорттун айдоочулары байгелер менен, ошондой эле эң мыкты кооздолгон үч автобустун жана үч троллейбустун айдоочулары акчалай сыйлыктарга ээ болушат.

Мыктыларды ишканалардын калыстар тобу аныкташат.

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 15 таштанды чыгаруу унааларын жаңы жылга карата жасалгашаты.  

Капиталдык курулуш башкармалыгы шаардын кѳчѳлѳрүнѳ 20 жаңы жылдык билборд орнотту. Манас, Айтматов проспектилерине жана Түштүк магистралга 1000ден ашык жаңы жылдык кронштейндердеги баннерлерди орнотушту. Борбордук аянтты, Агропромдун имаратын, Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясын жаңы жылга карата жасалгалоо иштери жүргүзүлдү.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!