2018-жылдын 18-декабрында Биринчи май административдик районун башчысы Токтосун Султанов райондун тургундарын кабыл алды.

Жарандарды кабыл алууда негизги маселелер болуп материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай, коммуналдык чарба маселелери көтөрүлүп, жыйынтыгы боюнча МАБдарга жана райондун тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди.

Район башчысынын жарандарды кабыл алуу күнү ар жума сайын шаршемби күнү саат 14:00до жүргүзүлөт. Жарандар райондун башчысынын кабыл алуусуна жазылуу үчүн 32-52-85 телефону аркылуу кайрылса болот.