№ 91 мектеп-гимназиясында “Инновациялык технологияларды, каражаттарды жайылтуу окуучулардын интеллектуалдык шыктарын өнүктүрүүнүн бирден-бир жолу” деген темада шаардын математика, физика информатика мугалимдери үчүн семинар болуп өттү.

Семинарда Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Тешебаева У., Кыргыз билим берүү академиясынын адиси Каракозуева Г.Ж., №№44, 50, 40 орто мектептеринин физика сабагынын мугалимдери “Предметтик стандарт”, Мамлекеттик билим берүү стандарты (предметтик стандарттар, предметтик программалар, базистик окуу планы), компетенттүүлүк, жалпы жоболор, предметтин концепциясы, билим берүүнүн натыйжасы жана баалоо, билим берүү процессин уюштурууга коюлуучу талаптар, стандарттын логикасы  жөнүндө түшүнүк беришти.

№91 мектеп гимназиясынын информатика мугалими Бектурган уулу К. “Инновациялык технологияны колдонуп окуучулар менен мугалимдин ортосундагы байланышты түзүү”, интерактивдүү системаны сабакта кантип пайдалануу боюнча мугалимдер менен бирдикте тренинг ѳттү. Семинарга бардыгы 82 математика сабагынын, 84 информатика сабагынын мугалимдери катышты.