Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Ренат Айтымбетов райондун тургундарын кезектеги кабыл алуудан өткөрдү.

Жарандарды кабыл алууда негизги маселелер болуп материалдык жардам көрсөтүү, турак-жай бөлүп берүү, инфраструктураны жакшыртуу жана башка маселелери көтөрүлүп, жыйынтыгы боюнча МАБдарга жана райондун тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди.

Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында “Бирдиктүү терезе” иштейт жана электрондук почтага adm-oktyabr@bk.ru жазуу түрүндөгү кайрылууларын калтырса болот.

Район башчысынын жарандарды кабыл алуу күнү ар жума сайын бейшемби күнү саат 14:00до жүргүзүлөт. Жарандар райондун башчысынын кабыл алуусуна жазылуу үчүн 57-63-80 телефону аркылуу кайрылса болот.

#СүйүктүүБишкегим