Ташкенттин башкы архитектору Нуриддин Сагатов “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасына барды.

Ташкент мэриясынын кызматкери Дилшод Хусамданов, башкы пландоо жана калктуу пунктар бѳлүмүнүн адиси Искандар Баймухамедов, ошондой эле, долбоордун башкы архитектору Роллан Кожабаев ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышышты.

“Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасынын башчысы Аскат Түлѳбердиев муниципалдык ишкананын кѳрсѳткѳн кызматтары тууралуу айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндѳ коноктор жылуу кабыл алгандыктар үчүн ыраазычылык билдиришти.

Бишкек-сүйүктүү, меймандос шаар!