«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы ийне жалбырактуу кѳчѳттѳрдү отургузуу иштерин баштады.

17-январда «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери крым карагай түрүндѳгү жаш кѳчѳттѳрдү отургузуу иштерин жүргүзүштү.

Эмен багында 30 жаш кѳчѳт, Абдрахманов, Фрунзе, Шопоков жана Жумабек кѳчѳлѳрү чектешкен тѳрт бурчтукта цирктин айланасына 42 кѳчѳт, Ибраимов-Бѳкѳнбаев кѳчѳлѳрүнүн кесилишине 34 кѳчѳт отургузулду.

Жабык тамыр тутумундагы жаш кѳчѳттѳр отургузулду. Кѳчѳттѳрдүн жашы 6-7 жаш, узундугу эки метрге жетет.

Кѳчѳттѳрдү отургузуу иштери улантыла бермекчи.

Бишкек-сүйүктүү жашыл шаар!