Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын жыйындар залында район башчысы Нурдин Тынаевдин жетекчилиги астында балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча штаб болуп өттү.

Ленин райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Б.Мамбетсеитова 2018-жылда оор абалда жашаган үй-бүлөлөр боюнча алып барылган иштер тууралуу маалымат берди.

Жыйында негизги орчундуу маселелер тууралуу айтылды:

- мигранттардын, оор абалда жашаган үй-бүлөлөрдүн балдарын таап чыгуу;
- 0 жаштан 16 жашка чейинки балдардын каттоосу боюнча базасын жаңылоо.

Штабдын планы боюнча Муниципалдык администрациясынын, Ленин райондук Ички иштер башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Билим берүү борборунун өкүлдөрү менен биргеликте балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча рейд өткөрүлдү.

Рейд учурунда жайсыз үй-бүлөдөн бир бала табылып,   Балдарды социалдык адаптациялоо борборуна убактылуу жайгаштырылды.  
Балдарга карата көрсөтүлгөн зордук-зомбулуктардын алдын алуу боюнча штабдын аткарып жаткан иши Муниципалдык администрациясынын көзөмөлүндө.