Октябрь райондук администрациясы райондун эки мектебине компьютердик техника белек кылышты.

№73 орто мектеби жана №64 мектеп гимназиясы бештен компьютер алышты.

Техниканы мектептерге район башчысы Ренат Айтымбетов жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Абсатар уулу Айжигит тапшырды.

Муниципалдык администрация тарабынан райондун билим берүү системасын жакшыртуу иштери улантыла берет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!