Свердлов районунун башчысы Мурат Осмонов №18 МАБдын пландык жыйынына катышты. Жыйын №4 мектеп-гимназиясынын чоң залында үй жана кварталдык комитеттердин ѳкүлдѳрүнүн катышуусунда ѳткѳрүлдү.
Жыйынга башчынын орун басарлары, муниципалдык администрациянын юристтери, райондун ИИБнын кызматкерлери, №18 МАБдын башчысы жана аппаратынын кызматкерлери катышты.
Аталган жыйындын жүрүшүндѳ үй жана кварталдык комитеттерге 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кирген мыйзамдар тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!