Биринчи май району боюнча ӨКМдүн өрт өчүрүү жана алдын алуу бөлүмүнүн кызматкерлери №16-муниципалдык аймктык башкармалыкка кирген жаңы конуш тургундарына өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Жалпы жонунан 200 үйдү кыдырган адистер, 300 кишиге өрт коопсуздугу эрежелери туурасында маалымат беришти. Тиричилик техникасын туура колдонуу, от жагуудагы коопсуздук эрежелери, өрт өчүрүү кызматын чакыруу эрежелери, орт өчүрүү кызматынын бригадасы келгиче өрт өчүрүүдөгү биринчи аракеттер боюнча шаар тургундарына  инспекторлор түшүндүрүп беришти.

Бишкек – сүйүктүү коопсуз шаарым!