"Бишкекжашылдандыруу" муниципалдык ишканасы баш калаанын көчөлөрүн кыш мезгилинде жашылдандыруу иштерин улантууда. Бул процесс өзгөчө кыш мезгилинин акыркы жумасында күчөйт.

19-февралда “Жашылдандыруу” ишканасынын адистери ийне жалбырактуу бактардын 300 түбүн отургузду.

Бул иштер бир эле учурда борбордун төрт районунда жүрдү.  

Эркиндик бульварын бойлой Киев көчөсүнөн Чокморов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 70 түп туя багынын көчөтү отургузулду.  

Садырбаев жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилиши 17 түп крым карагай менен кооздолду.

Айтматов проспектин бойлой Семетей көчөсүнөн (ВДНХ) Ажыбек баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 17 түп туя багынын көчөтү отургузулду.  

Бишкек шаарынын Свердлов районунда 7–апрель көчөсүнүн Путепроводной көчөсүнөн баштап, Чуй проспектине чейинки бөлүгүндө  17 түп туя багынын көчөтү отургузулду.  

Шаарыбыздын түштүк бөлүгүндө орун алган Аалы Токомбаев менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилиши 42 түп крым карагай менен кооздолду.

Масалиев көчөсү Айтматов проспектинен Малдыбаев көчөсүнө чейин 146 түп ийне жалбырактуу бак менен жашылдандырылды.  

Ошондой эле, 9 түп туя багы Ахунбаев жана Малдыбаева көчөлөрүнүн чыгыш тарабына тигилди.

Белгилей кетсек, ийне жалбырактуу дарактар жабык тамырлуу системасы менен отургузулат. Мындай дарактар отургузгандан кийин куурабай, жакшы тамыр байлап кетиши менен артыкчылыктуу. Ошондой эле мындай бактардын тамыр системасы топурак менен бекилип, транспортировка жана жаңы жерге которуу учурунда кыйналбайт. Бул дарактын оорубай, тамыр байлап жакшы өсүшүнөн кабар берет.

Ийне жалбырактуу дарактар февралдын аягына чейин отуругузулат.

Бишкек – сүйүктуу жашыл шаарым!