Мэрияда кадрдык өзгөрүүлөр жүрүүдө.

"Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыгынын жетекчиси болуп Бакытбек Дүйшембиев дайындалды.Тиешелүү буйрукка №79-ок калаа башчысы Азиз Суракматов  20.02.2019 кол койду.

Буга чейин Бакытбек Дүйшембиев шаардын вице-мэр кызматын аркалап, шаардын курулуш жана архитектура тармагын көзөмөлдөп келген. Ишканын мурдагы жетекчиси Асылбек Исаев өз каалоосу менен жумуштан кетүү тууралуу арызын жазган.

Шаар курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрдин милдетин турак-жай чарба маселелри боюнча вице-мэр Рыспек Сарпашов убактылуу аткарууда.

Бишкек – сүйүктүү шаарым!