20 февралда калаа башчысы Азиз Суракматов Биринчи май районуна караштуу мектептердин жетекчилери менен жолукту.

Жолугушуу учурунда Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова маалымдагандай Биринчи май районунда 11 статустук  жана 10 орто билим берүүчү мектеп бар. Райондун мектептери билим берүү сапаты боюнча  биринчи орунда болуп, шаардык жана эл аралык  олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болуп келет.

Маектешүү учурунда ар бир мектеп директору көйгөйлөрү менен бөлүштү. Чечүүнү талап кылаган маселелердин катарында,  балдардын санынын көптүгүнөн улам, кошумча имарат салуу, мектеп имараттарын оңдоо, аларды муниципалдык менчикке өткөрүү, мектепке келген текшерүүлөрдү тартипке келтирүү, мектеп жашоосуна ата-энелердин катышуусу жана мугалимдердин айлык маянысынын аздыгы боюнча суроолор коюлду.

Мындан тышкары, мектептерге IT-адиси штаттык бирдигин киригизүу маселеси көтөрүлдү. Ал эми мектептердин сыйымдуулугун кошумча имарат куруу жолу менен жогорулатуу боюнча сунушу,  мэриянын жетекчилиги тарабынан колдоого алынышына мектеп директорлору  ыраазычылыгын билдиришти.      

Калаа башчысы баардык пикирлерди угуп чыгып, мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен бирге, мектептерге электрондук тизмени шаар өзү түзүш керек экендигин белгилеп кетти. Ошондой эле, Бишкек мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманакун уулуна бир ай ичинде мектептердин муниципалдык менчик документтерин каттоо тапшырмасын берди.  

Мектеп директорлору менен калаа башчысынын жолугушуулары  шаарыбыздын башка райондору менен дагы жүргүзүлөт.

Бишкек – билим берген сүйүктүү шаарым!