Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан Ахунбаев- Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер участогуна жүргүзгөн текшерүүнүн натыйжасында мыйзам бузуулар аныкталган. Жер ээси өзүнүн жерине кошумча киргизип алган -  туурасы 21 метр, узундугу 216 метрди түзгөн муниципалдык жерге,  мыйзмасыз түрдө 12 контейнер орнотулган.  

Башкармалыктын адистери жүргүзөн түшүндүрүү иштеринен соң, жер ээси мыйзамсыз басып алган 40 сотка жерди бошотуп, контейнерлерди алып салды.  

Бишкек – сүйүктүү ыңгайлуу шаарым!