Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө арналган “Дил бермети – эне тили” аттуу шаардык сынак өткөрүлдү.

Шаардык иш-чарага Ленин жана Октябрь райондук администрацияларынын эмгек жамааттары жана Биринчи май, Свердлов, Ленин жана Октябрь райондук Билим берүү борборлорунун чыгармачыл жамааттары катышты. Бардык катышуучуларга сыйлыктар жана белектер тапшырылды.

Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова Бишкек шаарынын мэриясынын бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарында, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөрүндө Эл аралык эне тили күнүнө арналган ар түрдүү иш-чаралар жыл сайын салттуу түрдө өткөрүлүп, бул иш-чаралар жаштар жана көп улуттуу шаардык эмгек жамааттарынын арасындагы ынтымак, достук мамилелерди арттырып жаткандыгын билдирди.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!