Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек-Чуй филиалынын башчысы Рустамбек Тагаев Биринчи Май акимиатынын жана райондук финансылык башкармалыгын кызматкерлерине аталган уюмдун алып бара жаткан иштери тууралуу жана жарандардын мүлкүн туура камсыздандыруу ирети боюнча кенен түшүндүрмө берди.

Кыргыз Республикасында жайгашкан жана жашоого жарактуу ар бир турак жайды камсыздандырууга болот.
Турак жайды камсыздандыруу үчүн ээсинин паспорту жана үйдүн техникалык паспорту керек.

Турак жайды камсыздандыруу боюнча Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адисине Каныбек Конокбаевге кайрылсаңыз болот. Телефон номери: 0559 94 00 15, 0700 54 55 33

Мындай жолугушуулар райондук акимиаттардын жана МАБдардын кызматкерлери менен график боюнча өткөрүлөт.
Кененирээк маалымат мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун сайтынан ала аласыз: www.gso.kg

Бишкек – сүйүктүү жана коопсуз шаарыбыз!