14-мартта Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясынын башчысы Максим Ситников райондун тургундарын кезектеги кабыл алуусун өткөрдү.

Жолугууда негизги маселелер катары, муктаж үй-бүлѳлѳргѳ материалдык жардам көрсөтүү жана инфраструктураны жакшыртуу жолдору талкууланды.

Жыйынтыгында, МАБдарга жана райондун тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди.
Октябрь администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында “Бирдиктүү терезе” иштейт жана электрондук почтого adm-oktyabr@bk.ru жазуу түрүндөгү кайрылууларын калтырса болот.

Район башчысынын жарандарды кабыл алуу күнү ар жума сайын бейшемби күнү саат 14:00до жүргүзүлөт. Жарандар райондун башчысынын кабыл алуусуна жазылуу үчүн 57-63-80 телефону аркылуу кайрылса болот.