Бишкек шаарында 19-марттан баштап жылуулук берүү токтотулат. Мындай чечим ЖЭБде өткөн күз – кыш мезгилинин өтүшүн камсыз кылган оперативдүү штабдын кеңешмесинде кабыл алынды.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов баш калаада 2018-2019-жылдардагы  жылуулук берүү сезонунун аякташы тууралуу буйрукка кол коет.  

Кабыл алынган критерийлер боюнча, эгерде, көчөдөгү абанынын температурасы беш күн катары менен +8 градусту түзсө, жылуулук берүү токтотулат.

Абанын температурасы жылуу болгонуна байланыштуу жана 2019-жылдын март айына карата аба-ырайынын болжолун эске алуу менен Бишкек шаарында 2018-2019-жылдагы жылуулук берүү сезону 2019-жылдын 19-мартында  жабылат.

Административдик район башчыларына жылуулук берүү сезонунун аякташына байланыштуу чараларды өткөрүү тапшырмасы берилди.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!