Жарандар материалдык жардам маселеси, турак-жай бөлүп берүү жана инфраструктураны жакшыртуу суроолору менен кайрылышты.  Жолугушуунун жыйынтыгында муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана райондун тиешелүү кызматтарына тапшырмалар берилди.

Эске сала кетсек, район жетекчиси жума сайын шаршемби күнү саат 14:00дө кабыл алат. Жолугушууга  32-52-85 телефону аркылуу жазылса болот.