Бишкек шаарынын Анкара- Виноградная көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил багын жасалгалоо иштери уланууда.  

Жакында бул жерде “Кара-Жыгач” жана “Алтын-Ордо1-2” жаңы конуштарынын жашоочуларына эс алууга жакшы шарт түзүлөт.

Жаңы сейил бактын аянты 15 000 чарчы метрден ашык. Эс алуу жайда бак дарактар сакталып, кээ бирлерине санитардык кыйуу иштери жүргүзүлүп, гүлдөр жана жазы жалбырактуу бактар отургузулууда. Мындан тышкары газон чөптөрү эгилип, таштанды салгычтар менен отургучтар орнтотулат.  

Арыктар толугу менен жаңыланып, сейил бакты аралай таштан жасалган чоң арык салынууда. Ошондой эле, сейил бакка келген шаардыктардын көз жоосун алган кичи архитектуралык формалар орнотулат.

Эске салсак, 28-мартта “Бишкекжашылдандыруу” ишканасы тарабынан бул сейил бакты жашылдандыруу иштери башталган.  

Белгилей кетсек, бул жылдын эсебинен жаңылануу иштери башталган бул биринчи сейил бак болду, Жалпы жонунан “Бишкекжашылдандыруу” ишканасы тарабынан 2019-жылы 9 сейил бак, эс алуучу 2 кичи зона  жана 2 бульвар пландаштырылды.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарыбыз!