13-апрелде эски аянтта Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министрлиги өнөктөштөрү менен биргеликте, Эл аралык ден-соолук күнүнө арналган акция өткөрдү. Иш-чарага медициналык ишканалардын кызматкерлери, коомдук кыймылдардын жана кайрымдуулук уюмдардын активисттери, спортчулар жана дени сак жашоонун сүйүчүлөрү катышты.

Акцияныны максаты- дене тарбия жана спортту калк арасында жайылтуу.

Иш-чара Бишкек мединициналык колледжинин студенттери уюштурган флеш-моб менен ачылды. Анда, 500гө жакын шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарышты.

Эл аралык ден-соолук күнүно арналган  акцияга вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев, Кыргызстандагы эл аралык саламаттыкты сактоо уюмунун биздин өлкөдөгү жетекчиси Назира Артыкова, КР Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери боюнча, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен Канатбек Арпачиев, Кыргызстандын Кызыл жарым ай коомунун  “Жалгыз бой кары адамдарга жардам көрсөтүү” программасынын координатору Жамиля Мадалбекова, Бишкек шаарындагы ден-соолукту чыңдоочу борборунун өкүлдөрү катышты.    

“Ден-соолук баарыбыз үчүн маанилүү, ошондуктан ооруну алдын алуу үчүн биз дени сак жашоого умтулушубуз керек”,- деп белгилей кетти  сөзүндө вице-премьер-министр Алтынай Омурбекова. Министр белгилеп кеткендей:”Бул тармактагы бардык секторлордун биригип иш алып баруусу өлкөбүздүн калкынын саламаттыгынын чың болуусуна өбөлгө түзөт. Бир күндө ден-соолугубузга арнаган 15 мүнөттүк көнүгүүлөр көп ооруларды алдын алат.”

Иш чарада катышуучулар кан басымын, салмагын, боюн текшерип алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан тышкары тамактануу, баланы эмизүү, кант диабети, биринчи медициналык жардам жана чылым чегүү боюнча доктурлар келген конкторго кеңешин беришти.  

Назира Артыкованын айтымында: - “Эл аралык ден-соолук күнү дүйнө жүзү боюнча белгиленип келет жана биздин өлкө дагы бул күндү иш-чаралар менен өткөрөт.  Бул акциянын негизги багыты- биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары менен тааныштыруу, ооруну күтпөстөн, профилактика жүргүзүу.  

Бишкек шаарынын тургундары инструкторлордун жардамы менен көнүгүүлөрдү аткарып, велосипедчендердин программасына күбө болуп. Шахмат боюнча турнирге, ордо оюну, УШУ өнөрү,  рефлексотерапия жана фехтование боюнча оюндарга катышты.

Иш чаранын коопсуздугун, тартибин милиция кызматкерлери жана Биринчи май районунун акимчилигинин өкүлдөрү камысыздашты.