Бишкек шаарынын мэриясы шаарыбыздын тургунуна ыраазычылыгын билдирди.

Ленин райоунун жашоочусу Лариса Левитус Фейсбук социалдык түйүнүндөгү өзүнүн баракчасына өзгөчө кошунасы жөнүндө жазып чыккан. Анын айтымында анын кошунасы көп кабаттуу үйдүн короосун өзү жалгыз көрктөндүрүп турат.

«Биз жашаган үйдө бир чети таң калтырган, бир чети кубандырган кошуна пайда болду. Жок, ал музыкалык аспаптрада ойнойбойт, бирок 10 күн ичинде биздин жашообузду бардык жагынын тазартып койду. Анын аты Төлөн- Толик, ал 70 жашта, Нарындык болот. Толик байке өзү жалгыз биздин чоң үйдүн тегерегин тазалап, таштандыларды чыгарып, арыктарды акыр-чикирден тазалап, дарактар менен таштарды актап чыкты. Жолбун иттер менен селсаяктарды короого киргизбей, тегерек четти көркүнө чыгарды. Эми үйдүн алдындагы короодо балдар менен жаштар эс алууда. Соңку жылдары 60 батирлүү үйдүн баардык жашооочулары мынчалык тазалай алган эмес. Төлөн байке акысын деле сурабайт. Бир гана араба сурады, жолдошум экөөбүз жардам берип сатып бердик. Бир аз тыйын чогулттук. Көбү аны дагы берген жок. Биздин Төлөн баарына үлгү. Бул кишинин маданияты, жөнөкөйлүгү мени мага абдан жакты,” - деп жазат Бишкектин тургуну.

Бул окуя жөнүндө билген вице-мэр Сарпашов Р.А. көпчүлүк шаардыктардай эле кайдыгер калбастан, Төлөн атага жолукту.

Ыраазычылык катынан тышкары, бакча инвентары менен биргеликте араба сатып алууга акчалай жардам ыйгарды.

Өз кезегинде вице-мэр Р.Сарпашов, Төлөн атага шаардыктар үчүн жасаган эмгегине жана жаштар үчүн үлгү катары активдүү ыраазычылыгын билдирди.

Керемет жаздын күнүндө өткөн бул жолугушууга кошуналар жана Тѳлѳн атанын жакындары катышты. Алар ѳз кѳйгѳйлѳрү менен да бѳлүштү.

Ал эми, вице-мэр Сарпашов Р.А. тургундарын суранычтарын жакын арада аткарып берүүгѳ убада берди.