Бишкек шаарында Кулатов көчөсү менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн ортосундагы темир жол көпүрөсүнүн асты сары таш менен жасалууда.

Эскиздик долбоорун “Бишкекбашкыархитектура” ишканасынын адистери тарабынан даярдалып, анда декоративдүү таш менен жасалгалоо каралган. Оңдоо иштеринин аянты 3 миң чарчы метрди түзөт. Мындан тышкары, комплекстүү түрдө жарыктандыруу иштерин  жасоо каралган.    

Учурда көпүрөнүн чыгыш тарабында оңдоо иштери жүрүүдө. Ички жагына сары таш чапталып, ар бир таш эки жолу жылтылдатып сүрүлүп, атайын коргоочу катмар менен майланып чыгат.  

Оңдоо иштери 60 күндө бүтүрүлүп 2019-жылдын июнь айынын аягында соңуна чыгат.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.  

Бишкек – сүйүктүү кооз шаарыбыз!