2019-жылдын 14-майында Биринчи май акимиатында район башчысы Т.Султанов төрагалыгы астында башчынын орун басарлары, аппарат жетекчи, райондук кызматтардын жетекчилери, МАБдардын башчыларынын катышуусу менен кезектеги пландык кеңешме өттү.

Пландык кеңешмеде, райондун аймагында жолдорду оңдоо, Энелер күнүнө карата иш-чараны өткөрүү, санитардык абал жана административдик комиссиянын иши тууралуу жаралып жаткан маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар, калкты каттоо боюнча көйгөйлүү маселелерди чечүү каралып, тийиштүү тапшырмалар берилди.