Өткөн жумада “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери  Т. Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын айланасындагы клумбаларды жасалгалап бүтүштү.  

113 500 миңден ашуун альвия, агератум, колеус, тагетес, петунья, катарантус, седум жана алиссум гүлдөрүнүн түрлөрүнөн шырдак формасындагы композиция жасалды. Ошондой эле, гүлдөн жасалган оймолордун кырын чыгара ак таш төшөлүп, шырдакты көркүнө чыгарды.  

Буга чейин роза гүлдөрү 30 жылдан бери өсүп келген. “Бишкекжашылдандыруу” ишканасынын  кызматкерлери клумбаларды жаңылап, этно стилиндеги жаңы ландшафтык дизайнын иштеп чыгышты.  Белгилей кетсек, алгачкы жолу ишканга ландшафтык дизайнер кызматка чакырылды.

Бишкек – сүйүктүү гүлдөгөн шаарыбыз!