20-майда калаа мэри Азиз Суракматов башында турган кеңешме өттү. Ага шаар кызматтарынын жана ишканаларынын жетекчилери катышты.

Күн тартибинде 4 суроо каралды: Бишкек шаарынын экономикасынын иштөөсүнүн бул жылдын биринчи кварталындагы жыйынтыктар жана үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталына коюлган маселелер. Өрттү алдын ала алуу жана коомдук жайлардагы текникалык коопсуздук боюнча жасалган иштер.  “Жол изилдөө лабораториясы" муниципалдык ишканасынын 2018-жылдагы жана үстүбүздөгу жылдын биринчи кварталындагы аткарган иштери боюнча отчет, ошондой эле  капиталдык курулуш башкармалыгынын  “Көп батирлүү турак үйлөрдүн салуудагы үлүштүк тартиптери жана шарттары жөнүндө” аткарган иштер жөнүндө маалымат берилди.  

Кеңешмедеги берилген маалыматка ылайык,  жылдын башынан бери шаардык бюджетке 2035,2 млн сом түштү. План 100,3% аткарылды. Салык кирешелери 100,2% аткарылды, тактап айтканда 35,1 млн сомго ашты. Жыл башынан инвестициялардан жалпы капиталга 5097,5 млн сом түштү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 14,8% көп.

Экономика жана инвестициялар боюнча департаменттин жетекчиси Медербек Алиевдин айтымында,  ведомство учурда Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги менен бирге ишкерлерди тейлөө борборун ачуу боюнча иш алып барууда.  Ошондой эле,   “Жол боюндагы парковкаларды орнотуу”, ”Шаардык транспортту жакшыртуу” жана “Мектепке чейинки окуу жайларды куруу” боюнча иш алып барат.

Бишкек шаары боюнча ӨКМ башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чырганов 455 мекемеде: мектеп, бала-бакча, базарлар, соода борборлору, жогорку окуу жайларда ж.б. өрттү алдын ала алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар өткөнүн билдирди. Мындан тышкары,  регион аралык мамлекеттик экологиялык техникалык көзөмөл башкармалыгы шаардагы аттракциондордун коопсуздугун текешрүүнү улантууда.

“Жолдорду изилдөө лабараториясы” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Конокбай Миназаровдун айтымында өткөн жылда асфальт катмарына 495 изилдөө иштери жүргүзүлүп,  жер катмарынын текшиленишин текшерүү үчүн    5 миң 177 тест жасалды. Мындан тышкары  асльт-бетон аралашмасын  653 текшерүү жугүзүлдү.   Үстүбүздөгү жылы   43 жолу изилдөө иштери өткөрүлүп, жер катмарынын текшиленишин текшерүү үчүн 226 тест, ал эми бетондун калыңдыгын тастыктоо үчүн 82 изилдөө өткөрлүдү.

Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык бүгүнкү күндө “Жал” жана “Тунгуч” кичирайондорунда 870 батирлүү 12 көп кабаттуу үй эксплуатацияга берилди.  Учурда №12 кичирайондо 72 батирлүү көп кабаттуу үйдүн долбоору даярдалууда. Долбоорлоо иштери аяктаган соң, курулуш иштери башталат.   Үлүштүк курулушка катышууга 3 миңден ашуун жараан арыз жазып, алардын ичинен 2 854 киши  документтерин тапшырган.

Кеңешменин жыйынтыгында Азиз Суракматов жер ресурстар башкармалыгына жана муниципалдык мүлк башкармалыгана биринчи жарым жылдык боюнча планды аткаруу, төрт райондун акимдерине жана экономика жана инвестициялар департаментине баш калаадагы бизнести алып баруу үчүн шарттарды түзүү   тапшырмасын берди.  Ошондой эле   вице-мэр Уланбек Азыгалиевге каналдардын жана суулардын жээгинде капиталдык курулушка уруксат берүү маселесин карап чыгууну тапшырды.  Мындан тышкары, капиталдык курулуш башкармалыгына үлүштүк курулушка катышкан арыз ээлеринин документтерин караган комиссиянын курамын карап чыгып,  тизмесин мэриянын расмий сайтына жайгаштыруу тапшырмасын берди.  

Калаа башчысы жолдорду изилдөө лабараториясы Бишкек шаарында салынып жаткан жолдордун сапатын жакшы текшербегендиктен улам, жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшүп жатканын белгилеп, бул кызматтын ишин карап чыгып, борбордо жолдордун сапатын текшерүүнү күчөтүү керек экенин айтты.  

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!