22- майда  саат 10:00 дон 18:00 чейин «Тунгуч» кичирайонунда жана «Рухий-Мурас» жаңы конушунда суу өчөт.

Таза суунун өчүшү «Сельский» суу топтомунда жана магистралдык сууларда өткөрүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.  

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, таза суу менен алдын ала камсыздап алууңуздарды өтүнөбүз.  

Ардактуу шаардыктар! Суу менен көйгөй жаралаган учурда “Бишкексууканал” ишканасынын диспетчердик кызматына чалсаңыздар болот:

- “Бишкексууканал” ишканасынын диспетчердик кызматы: 56-03-20;

- үй ичиндеги түйүндөр менен маселе жаралса 54-42-45, 54-42-44 номуруна чалсаңыздар болот.

-  «Горводопровод» тышкы түйүндөр боюнча төмонкү телефондор боюнча кайрылса болот: 44-95-97, 44-96-45.

Бишкек – таза суусу бар сүйүктүу шаарыбыз!

урматыбыз менен мэриянын басма-сөз кызматы