24-майда Бишкек шаарынын мэриясында Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) менен “Жашыл шаарлар” программасын ишке ашыруу үчүн меморандумга кол коюлду

Документке Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жана  Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкынын вице-президент Аланом Пилоу кол коюшту.

Кол койуу учурунда калаа башчысы биргеликте иш алып баруунун алкагында аткарылып жаткан  долбоорлор жөнүндө айтып берип, колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Меморандумдун максаты экологиялык көйгөйлөрдүн негизги багыттарын белгилөө жана баалоо, ошондой эле бул көйгөйлөрдү чечүүдө стратегиялык иш-чаралардын планын иштеп чыгып, инвестицияларды туруктуу инфраструктурага салуу. Мындан тышкары туруктуу инфраструктурага инвсетицияларды тартуу жана шаарды пландаштыруу процессиндеги климаттын жана айлана-чөйрөнүн өзгөрүүсү боюнча көйгөйлөрдү чечүүдө, “Жашыл шаар” структурасынын алкагында долбоорлорду тактап, системалык жана баардык жактан камтыган чечимдерди колдоо.  

Анын алкагында биринчи долбоор болуп, Бишкек шаарынын коомдук транспортун өнүктүрүү боюнча долбоору каралып, жаңы автобустар сатылып алынган. Бул автобустар коомдук транспорт түйүнүнүн өнүгүүсүнө түрткү болуп, транспорт кызматтарынын сапатын жакшыруусуна алып келет. Долбоордун максаты - транспорт кызматынын жардамы менен абаны булганган таштандыларды азайтуу.  

Кол койуу аземине ЕРӨБ Борбордук Азиядагы башкаруучу директору Бруно Балванера, ЕРӨБ Борбордук Азиядагы директору Нил Маккейн, директордун орун басары, департаменттин улук банкири Таалай Асылбеков, биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев, вице-мэр Рыспек Сарпашов, аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевдер катышты.

Бишкек – сүйүктүү жашыл шаарыбыз!