Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы  мыйзамсыз тургузулган конструкцияларды алуу иштерин улантып жатат.

Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги жана «Аска-Таш» комплексиндеги «Эльнур Дан» ЖЧК таандык жер тилкесинин колдонуу мөөнөтүнүн келишими өтүп кеткендиктен Т-көлөмүндөгү  жарнама конструкциясы  алынды.

«Тынчтык» жаны конушунда жайгашкан суукоргонунун   батыш тарабынан  жаран А.Ибраимов жер тилкесине жана үй курууга тиешелүү уруксат берилген документтерин албастан суукоргонун кайтаруу аймагындагына турак үйүн кошумча курулушу менен өз билемдик кылып куруп алган. Башкармалык тарабынан аныкталган мыйзам бузууларды токтотуу жана жоюу тууралуу жазма буйрук берилген.

Аныкталган кемчиликтерди жоюудан баш таркандыгына байланыштуу, Башкармалык Биринчи май райондук сотуна муниципалдык аймакта мыйзамсыз тургузулган объектти бузуу боюнча доо арыз берилген. 2018-жылдын 6-ноябрында Биринчи май райондук сотунун чечими менен доо арыз канааттандырылган. 2019-жылдын 22-январында Бишкек шаардык сотунун аныктамасы менен жана Биринчи май райондук сотунун чечими менен чечим күчүндө калтырылган.

Жогорудагы чечимдердин негизинде башкармалык жана МИ «Тазалык», Биринчи май райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте аталган турак үйү буздурулган.

Бишкек - сүйүктүү шаарыбыз!