Борбор калаабыздын түндүк тарабындагы Боталиев көчөсү жана Манас проспектисинде жаңы сейил бак ачуу пландалууда.  

Сейил бактын жалпы аянты 7,426 гектарды түзүп, аны батыш тараптан –  Манас проспекти, андан ары жеке турак жай курулуштары, түндүк жагынан – биохимия жана физиология институнунун эскперименталдык базасы, чыгыш тарабында – шаардык коллектор жана түштүк жагынан  – курулуш механизациясынын филиалы курчап турат.  

Бишкек шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы долбоорлоо  иштерине тендер өткөрүлүп, проектик уюм аныкталды. Ошондой эле сейил бактын эскизидик долбоору даярдалып, ага ылайык эс алуу зонасы  80-85% жашылдандырылат

Эскиз боюнча сейил бактын борборунда фонтан жайгашат. Анын айланасында эс алууга ылайкташкан тротуарлардар каралган. Алар өз кезегинде отургучтар, жарыктар жана кичи архитектуралык формалар менен жалагаланат.  Мындан тышкары балдар аянтачалары менен жайландыруу элементтери менен бирге эле, даартканаларды салуу каралган. Ошондой эле бул жерге воркаут  аянтчалары салуу пландаштырылууда.

Бирок, бул тек гана эскиздик долбоор, ал олугу менен бүтө элек, бул долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн активдүу шаардыктарды, урбанистерди, экологдорду пикир калытырып, сунуш киригизүүгө чакырабыз. Келгиле, баарыбызга жага турган сейил бакты жасайлы!

Сунуш. пикир, каалоо-тилектоерди төмөнкү электрондук дарек боюнча күтөбүз: kanchaiym@gmail.com, ошондой эле WhatsApp тиркемеси аркылуу:0550 305010 – Канчайым Нуралиева номурна 10- июнга чейин маалымат жибересеңиздер болот.

Бишкек – сүйуктүу жашыл шаарыбыз!