Анда, өспүрүм балдардын арасындагы мушташ, чоочун мүлккө зыян келтирүү, уурдоо, ден-соолукка зыян келтирүу жана башка суроолор талкууланды.  

Комиссиянын чечими боюнча  жашы жетелектер мектеп каттосуна жана жашы жетелектелер боюнча инспекциянын профилактикалык каттосуна тургузулуп, убактылуу түрдө реабилитациялык борборлорго жайгаштырылат. Мындан тышкары ар бир үй-бүлө үчүн жеке иштелип чыккан план жана баланы коргоо үчүн иштелип чыккан жеке план менен үй-бүлөлөр менен комплекстүу иштер жүргүзүлөт.    

Турмуштун кыйын учуруна туш келген өспүрүмдөрдүн ата-энелерине юридикалык жактан ар тараптуу жардам көрсөтүлүп, жөлөк пул, материладык жардам берүү менен катар эле, жумушка орношууда көмөк көрсөтүлөт.    

Бишкек шаарынын ар бир акимиатында жума сайын балдар комиссиясы өткөрүлүп турат.

Урматтуу шаардыктар! Балдар иши боюнча ар бир райондо атайын бөлүмдөр иштээрин эсиңиздерге салабыз:

- Биринчи май району: 0(312) 66-15-37;

- Октябрьрайону: 0(312) 51-03-75;

- Свердловрайону: 0(312) 53-05-76;

- Ленин району: 0(312) 65-69-10.

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүу шаарыбыз