31-майда Бишкек шаарынын “Ош базары” соода базар комплексинде  өзгөчө кырдаал учурунда тиешелүү кызматтардын өз ара иштешүүсү боюнча өрт өчүрүүчү тактикалык окуу-машыгуулар өткөрлүдү.

Ленин районунун өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жеке курамы жана жарандык коргоо кызматынын өкүлдөрү  75 кызматкерге өзгөчө кырдаалды алдын алуу же, өрт өчүрүү боюнча маалымат алышты.  

Иш-чарага AC-40 жана Magirus маркасындагы эки өрт өчүргүч машине тартылган.

Машыгуу учурунда төрт өрт өчүрүүчү гидранттар текшерилди. Иштейт экен.

Машыгуулар учурунда өрт өчүрүүчү унааларга мыйзамсыз орнотулган соода түйүндөрүнүн конструкциялары тоскоол болгону белгиленди. Мындан тышкары  Ош базарына түштүк жана батыш тарабындагы кирүү жолдору башаламан соода соодагерлер тарабынан бөгөлгөн.

Бишкек шаарынын мэриясы баш калаанын территориясында соода-сатык эрежелерин сактоону өтүнөт.      !

Бишкек - сүйүктүү коопсуз шаарыбыз!