Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн расмий (орус) тилдүү муниципалдык кызматчылары үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” (иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү) тил окутуунун А1, А2 деңгээлдери боюнча жана жалпы эле муниципалдык кызматчылар үчүн “Иштиктүү кыргыз тили” В1 деңгээли боюнча 3 айлык окуу курстары өтүлүп жатат.