1-июнда балдарды эл аралык коргоо күнү менен райондук акимиаттар жана шаарыбыздын башка түзүмдүк бөлүктөрү Бишкек  шаарынын кичинекей тургундарын куттуктоодо.

Биринчи май акимяты 500 балага «Фламинго»  сейил багына  саякат уюштурулду. Балдарга кызыктуу аттракциондор,  спорт жана оюн-зоок оюндарды жана байгелүү сынактар уюштурулду. Майрамдык иш-чара Улуттук "Сейтек" балдар-жана өспүрүмдөр,   борборунун залында майрамдык концерт менен улантылды.

Октябрь   районунун башчысы  Максим Ситников №1 -  учук оорусун дарылаган бейтапканага жана атайлаштырылган Балдар үйүнө белектерди алып барды.

Ленин районун акими  Нурдин Тынаев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисниченко  580 баланы, анын ичинде жетим балдар, майып, жалгыз бой ата-энелеридин балдары  жана камы аз  үй-бүлөлөрдүн балдары бар, кутттуктап, концерттик программа уюштуруу менен бирге, майрамдык белектерди тартуулады. Концерттик программа райондун балдардын чыгармачылык борбору жана жаш техниктердин станциясын тарабынан уюштурулду.  Мындан тышкары балдар үчүн аттракциондор уюштурулуп, сүрөт тартуу боюнча сынак өтүп,  жаш спорттучулардын катышуусу менен спорттук оюндар өткөрүлдү.  

Свердлов районунан камы аз үй-бүлөлөрдүн  жана  апрель ыңкылабынын катышуучуларынын балдары  мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ылайыкталган "Мамалак" эс алуу борборунда мейманда болуп келишти. Жалпы жонунан 100дөн ашуун балага  майрамды акимчилик менен бирге "Дордой Плаза-2" соода жана оюн-зоок борбору уюштурган. Ал эми райондун ишкерлери райондук адистештирилген мекемелерине жана жатаканаларына барып, белектерди, таттууларды жана жер-жемиштерди   тартуулашты.  Ушундай эле майрадык маанай жана белектер   "Айданек” жашы жете элек балдардын  атайын мектеп-интернатына, №124 - адистештирилген мектепке чейинки билим берүү мекемесинин окуучуларына,  №21- атайын мектеп-интернатынын окуучуларына,   №30 -   адистештирилген мектептин окуучуларына, №48-мектепке чейинки атайын билим  борборлорун балдары үчүн уюштурулду.

Мындан тышкары, мэриянын түзүмдүк кызматтары дагы четте калбастан, балдарга майрамдык маанай туртуулашты. Бишкек шаарынын социалдык өнүгүү башкармалыгынын жамааты  гематология жана онкология боюнча илимий-изилдөө институтунун жана кургак учукту калыбына келтирүү жана алдын алуу борборунда дарыланып жаткан балдарды куттукташты.

"Бишкектеплоэнерго" коммуналдык ишканасы №72-мектептин окуучуларына жылуулук берүү боюнча ачык сабак өткөрдү.  Адистер балдарга энергияны кантип сактап калуу керек жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча кызыктуу маалыматтырды балдарга айтып беришти.

№64- орто мектептин 4- класссынын окууучулары   "СКК" ПЭУ "Бишкексууканал" ӨЭБ суутоптомуна саякат куруп келишти. Балдарга Бишкек шаарынын жашоочуларына суу берүү ыкмалараы турасында адистер айтып беришти. Мындан тышкары, окуучулар ишкананын ишмердүүлүгү менен, таза сууну чыгаруу жана элге таратуу жолдору менен таанышып чыгышты.    

Ал эми жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын адистери “Жал” кичи районунудагы балдар үйүнө жана “Учкун” кичи районундагы “Айданек” балдар үйүнө  балдар үчүн жууркан, жалаяк, самын жана кир жуугуч каражатттарды, шампундарды жана кийимдерди белекке тартуулашты.

Бишкек – балдар үчүн сүйүктүу шаарыбыз!